Испания Суперкубогунда жеңишке жеткени үчүн “Реалдын” ар бир футболчусуна 150 миң евродон тапшырылат. Мадриддик клубдун жетекчиси Флорентино Перес команданын жана машыктыруучу штабына сый акы катары 4 миллион евро бөлүп берди.
Эске салсак, Суперкубоктун алкагында “Реал” менен “Барселона” Эр-Рияд шаарында беттешип, оюн 4:1 эсебинде мадриддик клубдун пайдасына жыйынтыкталды.