Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынды. Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен 11 сомду түзөт.

 

Эске салсак, жаңы тарифтер бүгүнтөн тарта күчүнө кирмек, бирок, майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга электиги айтылган.