“Манас” аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды
“Манас” эл аралык аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аэропортто орун алган бизнес-зал 81 адамга ылайыкташкан, эл аралык каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү үчүн жеткиликтүү. Бизнес-зал аэропорттун стерилдүү зонасында үчүнчү кабатта жайгашкан.