Бишкек – Ош унаа жолу кыймылга жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматы билдиргендей, Төө-Ашууга тиешелүү 127-чакырымда көлөмү 4 миң кубометр кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу, “Сосновка” постунда транспорттун бардык түрүнө чектөө киргизилди.
Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.