Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кар массалары Бишкек-Ош, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Акташ унаа жолдоруна түшүшү мүмкүн. Айдоочулар бул жолдордо унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, сак болушу керек.