Өтүп кеткен жылы жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү

Өтүп кеткен жылы жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 2022-жылга салыштырмалуу, көрсөткүч 7 пайызга өстү. Жашоо минимумунун эң чоң суммасы Жалал-Абад облусунда катталса, эң төмөнкү көрсөткүч – Таласта.

 

Эске салсак, жашоо минимуму – бул негизги керектөөнү канааттандыруу үчүн азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларынын топтомунун баасы.