Жол кызматтарына жаңы атайын техника тапшырылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан кар тазалоочу жана кум-туз аралашмасын себүүчү 60 машина жеткирилди.
Транспорттун жалпы баасы 50 миллион сомду түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, 2022-жылы өлкөгө 32 даана техника келсе, 2023-жылы 265 машина жеткирилген. Жол тейлөө ишканаларына республикалык бюджеттин эсебинен 700 машина сатып алуу пландалууда.