Кыргызстанда жумушсуз адамдардын саны 7 пайызга кыскарды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсундардын саны 91 миң 600 адамды түзү.
Бул 2022-жылга салыштырмалуу, 7 пайызга аз.
Ошол эле учурда жумушсуз жүрүп ишке орношкондордун саны 6 пайызга өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматтары бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.