Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унааларга чектөө алынды. Ал эми Сосновка постунда оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө дале күчүндө.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн трассанын 127-чакырымында көлөмү 45 миң кубометрлик кар көчкү түшүп, жол транспорттун бардык түрүнө жабылган болчу.

 

№9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, жеңил машинелер тоскоолдуксуз өтүп жатат.