Өткөн жылы Баткен облусунда 52 объект эксплуатацияга берилди

Өткөн жылы Баткен облусунда 52 объект эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматка ылайык, имараттардын арасында мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, таза суу чарбалары, маданий мекемелер жана турак жайлар бар.   Бул иштерди аткарууга бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот

Бишкекте жума аягына чейин жылуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада күн сайын аба табы көтөрүлүп турат.   Алсак, бүгүн 2-4 градус жылуу болсо, шаршембиде мамычалар  +10 градусту көрсөтөт.   Түнкү суук дагы бир аз кайтат. Эс алуу күндөрүнө чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Юстиция министрлиги соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга сынак жарыялады

Юстиция министрлиги соттолуучуларга тагылуучу электрондук билерик сатып алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.   Мекеме дээрлик 4 миллион сомго 300 билерик сатып алууну пландап жатат. Билерик белгиленген чек арадан чыккан учурда сигнал берүүгө, реалдуу убакытты жана каякка барып келгени тууралуу тарыхчасын… Кененирээк…

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна насыя алат

Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна насыя алат. Бул тууралуу “Кабарга” берген маегинде президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, станция курулуп бүтсө, 12-13 жыл дегенде өзүн актап, андан кийин Токтогулдай болуп өлкөгө пайда алып келип баштайт.   Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жумада 23,2 миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузган

15-21-январь аралыгында Кыргызстандын аймагында 23 миң 240 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен: — тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-251; — мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -333; — авто унаанын терезелерин… Кененирээк…

Мухаммад жана Салиха – Кыргызстандагы эң популярдуу ысымдар

Мухаммад жана Салиха – Кыргызстандагы эң популярдуу ысымдар.   Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылы ата-энелер тарабынан ымыркайларга эң көп коюлган аттардын тизмесин жарыялады.   Ага ылайык, Мухаммад ысымы 6 мин 176 балага коюлду, андан кийинки орунда Умар – 4 миң 847, Али аты 2 миңден ашык… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош трассасынын  209-225-чакырымдары кардан тазаланып, инерттүү материал себилүүдө. Өтмөк, Чоң-Ашуу, Чапчыма, Долон ашуулардын атайын техника жана жолчулар тынбай иштеп жатат.   Кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулган, унаа кыймылында чектөөлөр жок.   Тоолуу аймактарга… Кененирээк…

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө уланууда

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө бүгүн, 22-январда улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, издөөгө жалпы 273 адам чыкты, анын 163ү куткаруучу. Алар 5 дрон, 10 техника менен издешүүдө.   Ал эми ИИМдин 110 кызматкери 1 дрон, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника… Кененирээк…

Футбол боюнча улуттук курама Азия Кубогунун алкагында турнирдик таблицада 4-позицияда жайгашууда

Футбол боюнча улуттук курама Азия Кубогунун алкагында турнирдик таблицада 4-позицияда жайгашууда. Экинчи турдун алкагында биздин футболчулар Сауд Арабия курамасына 0:2 эсебинде утулуп калды.   Эки беттештин жыйынтыгы менен Кыргызстанда 0 упай. Жыйынтыктоочу оюнда 25-январда улуттук курама Оманга каршы оюн талаасына чыгат.   Плей-офф бөлүккө чыгуу… Кененирээк…

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары 1 миллиард 800 миллион долларды түздү

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары 1 миллиард 800 миллион долларды түздү. Өтүп кеткен жылдын январь айынан ноябрга чейинки маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.   Ага ылайык, ушул эле мөөнөт аралыгында өлкөдөн сыртка чыгарылган сумма 423 миллион доллардан ашкан. Акча которуулардын басымдуу бөлүгү адаттагыдай эле, Россиядан –… Кененирээк…