Былтыр Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, аймакта бул багытта жалпысынан 17 млрд сомдон ашык продукция өндүрүлүп, көлөм 2022-жылга салыштырмалуу 2 млрд 650 млн сомго көп болгон.
Ишканаларды ачуунун негизинде облус аймагында жалпы 6 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миң 400гө көп.