Кыска мөөнөттүү бала бакчалар керектүү материалдар менен камсыздалат

????????????????????????????????????

Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды керектүү материалдар менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө 289 объектиге оюнчуктар жана окуу буюмдары тапшырылды. Заманбап балдар аянтчалары да алынып, аба ырайына жараша орнотулууда.

 

Мекеме эске салгандай, өлкө боюнча 500дөн ашык кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат.

 

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда. Мындай бала бакчаларда бөбөктөр үч саат болушат.