Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү марафон боюнча Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, чемпионат ушул тапта Кытайдын Гонконг шаарында өтүп жатат.   Кыргызстандын байге куржунунда бир күмүш жана бир коло медаль бар.   Кыз-келиндер арасында Гүлшанай Сатарова 2:36:32… Кененирээк…

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши убактылуу токтотулду

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) издөө иштеринен натыйжа чыкпаганын белгиледи. Аталган мекеме издөө иштери 22-январь күнү саат 08:30да улантыларын кошумчалады. Бүгүн 20-январь күнү жоголгон адамды издөөгө жалпы 250 адам тартылды. Курамында кинолог жана 6 дрон,… Кененирээк…

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилет. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта №55 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Ал Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик баатыр, Жибек Жолу, Айтматов көчөлөрүн камтыйт.   Каттамдын узундугу 24 чакырым, ал эми автобустар 10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.

Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиянын футболчуларынан 0:2 эсеби менен утулуп калды

Кыргызстан курама командасы Сауд Арабиянын футболчуларынан 0:2 эсеби менен утулуп калды. Эскерте кетсек, учурда Катардын Доха шаарында Азия кубогу өтүп жатат.   Кыргызстан Таиланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен бир тайпага түшкөн. Сауд Арабия командасы эки таймда бирден гол киргизип, алдыга чыкты. “Ак шумкарлар” эми… Кененирээк…

Кароосуз калган “Аалам ордо” комплекси реконструкцияланышы мүмкүн

Кароосуз калган “Аалам ордо” комплекси реконструкцияланышы мүмкүн.   Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тиешелүү сунушту министрлер кабинетине берет. Обладминистрациядан белгилешкендей, бул жайды калыбына келтирүү менен аймактагы туризмди өнүктүрүүгө, экономикалык өсүшкө стимул болот.   Кошумчаласак, “Аалам ордо” комплекси 2009-жылдан бери кароосуз калган.