Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат

Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына караганда, жарандарга телефон чалып өздөрүн банк кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен жеке маалыматтарды, картанын реквизиттерин сураган фактылар бар.

 

Улуттук банк мындай маалыматты эч качан телефон аркылуу сурабай турганын, жарандарга эсеп ачпай турганын, жеке жактарды тейлебейт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй турганын белгилейт.