Алматыда жер титирөөдөн кийин дарыгерге кайрылгандар 67ге жетти, бири реанимацияда

Казакстандын Алматы шаарында 23-январга караган түнкү жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар кечке маал 67ге жеткенин “Азаттык” радиосунун казак кызматы калаа акимчилигинин маалыматына таянып билдирди.

 

Кайрылгандардын 55и чоңдор, 12си балдар экени, баары тийиштүү медициналык жардам алып жатышканы, сегиз киши ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды.

 

Ооруканага түшкөндөрдүн бирине операция жасалганы, ал реанимацияда, абалы оор деп бааланып жатканы, Травматология жана ортопедия бөлүмүндө жаткан эки кишинин абалы орточо оор экени маалымдалды.

 

Алты жана жети айлык эки ымыркай, 7 жана 16 жаштагы эки бала да ооруканада жатат.

«Бардык травмаларын алар үйдөн, жыгылганда алышкан. Ымыркайлардын бирин энеси түшүрүп алып, экинчиси керебеттен кулаган. Балдардын абалы орточо оор, туруктуу», — деп билдирди акимчилик.

 

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 деп көрсөтүлдү.

 

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.