“Улуттук электр тармактары” туумду эсептен чыгаруу акциясын 31-январга чейиин улантат.
Ишканадан билдиришкендей, акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл.
Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктаган соң, 31-январдан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсеп туумсуз жазылат. Карызы сотко өтүп кеткен абоненттер акцияга катыша албайт.