Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 257 миллиард 781,8 миллион сомду түздү

 

Өткөн жылдын соңуна карата Кыргызстандын банктарындагы насыянын көлөмү 257 миллиард 781,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

 

Белгилеп кетсек, бул рекорддук көрсөткүч. Буга чейинки рекорд 253,4 миллиард сом болуп, былтыр ноябрь айынын аягында катталган. Эгер 2022-жылдын соңундагы көрсөткүчтөргө салыштыра турган болсок, анда кредиттин көлөмү 204 миллиард сомдон бир аз ашкан. Насыянын көбү улуттук валюта менен алынган.