Бишкек мектептеринде киргизилген онлайн режим зарыл болсо, узартылат

Бишкек мектептеринде киргизилген онлайн режим зарыл болсо, узартылат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын пресс-конференциясында айтылды. Алдыдагы эки күндүк дем алыш күндөрүн эске алып, окуучулар 5-февралга чейин аралыктан окуйт.

 

Андан кийин абалга жараша Билим берүү министрлиги тарабынан чечим кабыл алынат. Белгилеп кетсек, Энергетика министрлиги жылуулук берүү 2-3 күндө калыбына келтирилет деп билдирген.