Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Тез жардам борборунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, төртөө ар кандай деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жаткырылса, бирөө күйүүчү заттардан ууланып бейтапканага түшкөн.   Буга чейин бүгүн таңында ЖЭБде авария болгону кабарланган. Азырынча… Кененирээк…

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өттү

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар 5-февралга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык мэриядан билдиришти.   Мунун себеби Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланышы барбы же жокпу, тактала элек.   Буга чейин бүгүн түнү ЖЭБде авария болгону кабарланган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону… Кененирээк…

Таттыбүбү Турсунбаеванын сахнадагы кийимдери Улуттук тарых музейине берилди

Советтик кино жана театр актрисасы, кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын сахнадагы кийимдери Улуттук тарых музейине берилди.   Музейден билдиришкендей, сахна ханышасы жана сулуулуктун эталону саналган актрисанын «Кызыл алмада» бейтааныш сулуунун ролунда оронгон элечеги, «Уркуя» фильминде салынган бѳртмѳ жоолугу, спектаклде сценада кийилген чыптамалары, булгаары… Кененирээк…

Таласта 10 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды

Таласта 10 жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Кыргызстан айылындагы имарат 375 орунга ылайыкташкан.   Мектепте окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.   Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында жана Темир жол ооруканасында жайгашкан.   Дарыканаларда 1 миң 500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке аптекаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.   Белгилеп кетсек, ушуну менен Бишкекте 11… Кененирээк…

Кыргызстан МЖӨ боюнча дүйнөлүк рейтингде 22-орунга көтөрүлдү

Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык көз карандысыз экономикалык журналдын баалоосуна ылайык чыгарылды.   Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 млрд сомдон ашат. Жалпысынан 68 долбоор… Кененирээк…