БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 2-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Эмил Жамгырчиевди депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратышты.   Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынан депутат болгон Жамгырчиев тиешелүү арызды буга чейин өзү жазып берген.   Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Токтобүбү Оргалчаны “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагындагы бардык каттамдар ачык

Кыргызстандын аймагындагы бардык каттамдар ачык жана жолдордун абалы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, жолдордо чектөөлөр киргизилсе кошумча маалымдалат.   Белгилүү болгондой, саат 00:30да Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынын 249-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Жеринде… Кененирээк…

Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт

Бишкек шаарына электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Буга Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов ишендирүүдө.   Анын айтымында, ЖЭБдеги авариянын айынан керектөөчүлөрдү, калкты электр энергия менен камсыздоодо эч кандай маселе жаралбайт.   Бирок шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Оштогу Навои эс алуу жайында шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда

Оштогу Алишер Навои эс алуу жайында шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, бул жерде амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн жайлар, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.   Долбоорду толугу менен пайдаланууга берүү 2024-жылдын сентябрь айына каралган.

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.   Анын айтымында, турак үйлөрдө температура сакталууда. Үйлөрдөгү температура өмүргө коркунуч туудурган деңгээлге түшпөйт, — деди министр.   Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария… Кененирээк…

Бишкекте ооруканалар кадимки тартипте жатат

Бишкекте ооруканалар кадимки тартипте жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, амбулатордук кабыл алуулар уланууда, кызматкерлер жеринде. Төрөт үйлөрү да иштеп жатат. Бирок пландалган операциялар токтотулду.   Ошондой эле учурда ооруканаларды альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү мүмкүндүгү боюнча маалымат… Кененирээк…

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 4-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу күтүлөт.   Мындан улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

ЖЭБдин аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министри Бообек Ажикеев билдирди.   Анын айтымында, объектте катталган кырсык өлкө жетекчилигинин жана атайын кызматтардын түздөн-түз көзөмөлүндө.   Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр  чамасында Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар… Кененирээк…

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте мамлекеттик органдардын иши токтобойт

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте мамлекеттик органдардын иши токтобойт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин орун басары Улан Чанаев билдирди.   Ал белгилегендей, санитардык нормаларга ылайык, бөлмөдө абанын температурасы 18-20 градус болсо, адам өз ишин уланта алат.   Ал эми ордо калаадагы окуучулардын онлайн окуусу кырдаал жөнгө салынганга… Кененирээк…

Жылуулукка болгон төлөмдөрдү кайра эсептеп чыгуу убадаланды

Бишкектиктерге ысык суунун жоктугуна байланыштуу жылуулукка болгон төлөмдөрдү кайра эсептеп чыгуу убадаланды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Мекеме ошондой эле ЖЭБдеги азыркы кырсык менен 2018-жылдагы аварияны салыштырып, анда Бишкек Жылуулук электр борборунун системасы толугу менен иштебей калганын эске салды. Ал эми азыр агрегаттардын айрымдары… Кененирээк…