Индияда көгүчкөн Кытайдын тыңчысы деген шек менен 8 ай ветеринардык клиникада камакта болду. Канаттуу өткөн жылдын май айында Мумбаинин четинде кармалган. Полициянын маалыматында, анын эки бутунда металл шакектер кийилип, канаттарынын ички бөлүгүндө кытай жазуулары болгон.
8 ай бою иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында көгүчкөн тыңчы эмес болуп чыкты.
Ал Тайванда жарыштарга катышкан чымчык болуп, качып кеткени аныкталды.