Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам азык-түлүктүн жана башка маанилүү товарлардын баасы өспөйт

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам азык-түлүктүн жана башка маанилүү товарлардын баасы өспөйт.

 

Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Монополдукка каршы жөнгө салуу агенттиги бааны жасалма түрдө көтөрүүгө жол берилбеши керектиги боюнча бардык соода объектилеринде, ири базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

 

Андан тышкары, соода борборлору менен базарлардын администрацияларына баага көз салуу тапшырмасы берилген. Министрликтен белгилешкендей, ири базаларда көмүр жетиштүү көлөмдө бар.