Бишкек ЖЭБинде авариянын кесепетин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек ЖЭБинде авариянын кесепетин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, учурда акырындап шаарга берилген жылуулуктун табы көтөрүлүп баштады, кечки саат 10го чейин кадимки тартипке келтирүүгө аракеттер көрүлөт.

 

Адистер жана тиешелүү жабдуулар жетиштүү, — деди чиновник.

 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төрдө Бишкек ЖЭБинде авария болду. Анын кесепетинен беш кызматкер  ооруканага жаткырылды. Учурда экөөсүнүн абалы оор деп бааланууда.  Кырсыктын себептери такталып жатат.