Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка тариф саясаты кайра каралат

Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка тариф саясаты кайра каралат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

 

Анын айтымында, азыркы тариф талаптарга жооп бербегендиктен, өзгөртүү киргизүүгө муктаж. Чоң үйлөргө энергия өз баасында берилсе, аз камсыздалгандарга социалдык коргоо нормаларына жараша тариф бекитилет.

 

Чиновник белгилегендей, бул тарифтер жакында киргизилет дегенди билдирбейт, бирок жаңы тарифтик саясат иштелип жатат.