Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн эл аралык мелдеште үч медаль жеңди

Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов (51 кг), Мырзакир Кошалиев (+92 кг) жана Амантур Жумаев (54 кг)… Кененирээк…

Күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташынын себеби айтылды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын  жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын кымбаттаганы менен байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул өз кезегинде коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен шартталууда.   Ошол эле учурда… Кененирээк…

Кыргызстанда коррупция беренесинин эскирүү мөөнөтү алып салынды

Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине өзгөртүү киргизилип, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алып салынды. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.   Эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси өзгөртүлүп, толукталды:   – 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен,… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайку, Бишкек — Нарын —Торугарт, Казарман — Ак-Тал — Чат, Каракол — Эңилчек, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.   Айдоочуларга сак… Кененирээк…

Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгып жатат

Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгып жатат. Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, бул автобустар 26 орунга ылайыкталган жана бир жолку электр кубаты 250 чакырымга чейин жетет.   Белгиленгендей, дагы беш электробус жакынкы күндөрү келет.   Он автобус үчүн 118,5 миллион сом жумшалган. Каражаттын 100 миллион сому республикалык… Кененирээк…

Бүгүн парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат

Бүгүн парламентте баатыр энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралат. Токтом долбооруна ылайык, көп балалуу энелердин пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөп туруу сунушталууда. Учурда миң сомдон гана кошулат.   Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. “Баатыр эне” орденин алгандардын арасында… Кененирээк…