Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгып жатат

Жалал-Абадда беш электробус каттамга чыгып жатат. Жергиликтүү мэриянын маалыматына караганда, бул автобустар 26 орунга ылайыкталган жана бир жолку электр кубаты 250 чакырымга чейин жетет.

 

Белгиленгендей, дагы беш электробус жакынкы күндөрү келет.

 

Он автобус үчүн 118,5 миллион сом жумшалган. Каражаттын 100 миллион сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн.