Салык кызматы карыздарды төлөө боюнча онлайн сервисти ишке киргизди

Салык кызматы карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн сервисти ишке киргизди.   Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат.

Казарман-Акталчат жолунун бир бөлүгү жабылды

Калың жааган кардан улам Казарман-Акталчат жолунун бир бөлүгү жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, чектөө жолдун 44-чакырымынан 99-чакырымына чейин киргизилди. Айдоочулар бул тилкеден түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолу менен айланып өтсө болот.   Ошондой эле, Өтмөк ашуусундагы айрым аймактарда кар күрткүлөрү пайда болуп, учурда тазалоо иштери… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына 18 унаа тапшырылды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына «ВАЗ-НИВА-21214» үлгүсүндөгү жаңы 18 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кызматтык унаалар облустун аймагында өткөрүлүп жаткан «Коопсуз өлкө –туруктуу келечек» аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов… Кененирээк…

Туманга байланыштуу Жалал-Абадга кончу учак “Ош” аэропортуна жөнөтүлдү

Бишкек – Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттам «Ош» аэропортуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ошондой эле Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча авиакаттам «Ош» аба майданынан аткарылат.   Учурда Жалал-Абад аэропортунун аймагында көрүү узактыгы 2 миң метрди түзүүдө, норма боюнча 5миң метр болушу зарыл.

Бишкекте 120 маршрутка линиядан чыгарылат

Бишкекте бир айдын ичинде жети кичи автобус линиясы алынып салынат – бул 120 маршрутка дегенди билдирет. Мэриянын маалыматына караганда, рейддердин жыйынтыгында айрым жеке жана муниципалдык компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча милдеттерин аткарбаганы аныкталган. Тагыраагы, айрым айдоочулар жеке себептерден улам ишке чыкпай, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратышкан.  … Кененирээк…

Кыргызстандын калкынын 20%дан ашыгына интернет жеткиликсиз

Кыргызстандын калкынын 20%дан ашыгына интернет жеткиликсиз. Бул тууралуу “Экономист” басылмасы чет элдик порталдын глобалдык санариптештирүү боюнча жылдык отчетуна таянуу менен жазды.   Маалыматка ылайык, быйыл жыл башында Кыргызстанда 5 миллион 410 миң интернет колдонуучу болгон.   Аналитиктер социалдык тармактарды колдонуучуларды өзүнчө эсептеп чыгышты. Өлкөдө алардын… Кененирээк…

Кыргызстанда бул иш жумасы алты күнгө созулат

Кыргызстанда бул иш жумасы алты күнгө созулат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, бул жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуунун эсебинен болот.   Тагыраагы, 4-январдагы дем алыш үчүн кыргызстандыктар 2-марттагы ишембиде ишке чыгат. Бул иш графиги мамлекеттик органдарда жана мамлекет катышкан ишканаларда милдеттүү болуп саналат.

Бишкек—Баку аба каттамы жанданышы мүмкүн

Баку менен Бишкектин ортосундагы түз аба каттамы ушул жылдын экинчи кварталында кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү маселе Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен жергиликтүү авиакомпаниянын өкүлдөрү жолукканда талкууланды.   Эске салсак, самолет 2023-жылдын июль айынын аягынан тарта… Кененирээк…

Эртең Ак-Босого конушунда суу болбойт

Эртең, 27-февралда Ак-Босого конушунда суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда окуучулардын республикалык олимпиадасынын облустук этабы башталды

Бүгүн, 26-февралда Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук III этабы башталды.   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиаданын облустук баскычына райондук жана шаардык этапта жеңишке жеткен 1 миң 739 окуучу катышууда.