Килиан Мбаппе “Манчестер Юнайтеддин” сунушун четке какты

Килиан Мбаппе “Манчестер Юнайтеддин” сунушун четке какты. “Реал” менен келишим жетишилгенге чейин англиялык клуб футболчуга 500 миллион еврого макулдашуу сунуштады.

 

Андан тышкары, жазылуу бонусу 200 миллионду түзмөк. Бирок Мбаппе мындай мыкты сунуштан баш тартты. Учурда форвард “Реал” менен келишимдин акыркы деталдарын талкуулап жатат. Документ 1-июлда күчүнө кирет.