Ысык-Көл, Нарын облустарында 3 суу сактагыч курулат

Ысык-Көл, Нарын облустарында 3 суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Орточо кубаттуулугу 3,5 миллион кубометр суу сактагычтары Тоң, Кочкор жана Жумгал райондорунда пайда болот.

 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 87 миллион сомго барабар атайын техника райондук суу чарба башкармалыктарына тапшырылды.

 

Суу сактагычтардын курулушу менен дыйкан-фермерлер сугат суусу менен камсыздалып, кошумча 6 миң гектар жер ишке киргизилет.