Бишкектин Асаналиев  көчөсүндөгү гараж кооперативин демонтаждоо иштери жүрүүдө

Бишкектин Асаналиев  көчөсүндөгү гараж кооперативин демонтаждоо иштери жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, 108 гаражды түрттүрүү “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча жүргүзүлүп жатат.

 

Алар Бакаев көчөсүнө Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин темир жол аркылуу эстакадалык өтмөк курууга тоскоолдук жараткан.