Бишкекте мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өтүүдө

Бишкек шаарында 26-27-февралда жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылкы олимпиада И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында математика, физика, химия предметтери боюнча, №38 мектептин базасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери… Кененирээк…

Ошто туман тарап, авиакаттамдар жанданды

Ошто туман тарап, авиакаттамдар жанданды. «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учурда «Ош» аба майданы кадимки тартипте иштеп жатат.   Эске салсак, буга чейин коюу туманга байланыштуу Стамбул-Ош, Москва-Ош каттамындагы эки учак “Манас” аэропортуна келип конгон. Аба ырайы Ош-Жуковский жана Ош-Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын «Ош» аба майданынан… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор апрелден тарта бериле баштайт

Кыргызстанда жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр апрель айынан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинен билдиришти.   Бирок желектин өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт.   Ал эми жалпы жарандык паспорт 2025-жылдан баштап… Кененирээк…

Таластын Айтматов районунда дээрлик 7 млн сомго аллея курулат

Таластын Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылына жаңы аллея курулат. Эскиздик долбоор аймактын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.   Мындан тышкары, аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар реконструкцияланат.   Курула турган аллеянын сметалык наркы дээрлик 7 млн сомду түзөт. Аны ушул жылдын I жарым… Кененирээк…

Коюу туманга байланыштуу «Ош» аэропортунда каттамдар кармалууда

Коюу тумандан улам Стамбул-Ош, Москва-Ош каттамындагы эки учак «Ош» аэропортуна коно алган жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аба ырайы Ош-Жуковский жана Ош-Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын «Ош» аба майданынан учуп чыгуусуна да тоскоолдук кылууда.   Каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз.

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул тууралуу аталган банктын Коммуникация жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.   Анын айтымында, чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.   Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык… Кененирээк…

Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке туруктуу учууга болот

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке туруктуу учууга болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Өзбекстанга түз каттамдарды аткарууга уруксатты Кыргызстандык авиакомпания алды. Учактар Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча учат.

Кыргызстанда музыкалык мектеп оңдоодон өткөрүлөт

Кыргызстанда жакынкы эки-үч жылда 70 музыкалык мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, мектептерди оңдоп-түзөө калктын маданиятын жогорулатып, жаш таланттардын кыялына жетүү жолунда жардам берет.

Кыргызстандык балбандар Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште байгелүү кайтты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өткөн «Uzbek botirlari Grand Prix» Эл аралык мелдешинде төрт медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.   Тагыраагы, 60 кг чейинки салмакта катышкан Акыл Сулайманов күмүш… Кененирээк…

Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономдук районуна барат. Бул тууралуу ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында билдирди.   Иш сапардын жүрушүндө Акылбек Жапаров СУАРдын бир катар ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.