Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина сатып алды

Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина сатып алды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн. Маалыматка ылайык, кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмделет.

 

Вакцина ошондой эле республика боюнча оорулуу менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жөнөтүлөт.