Россия бензиндин экспортуна тыюу салат

Россия бензиндин экспортуна тыюу салат. Чечим 1-марттан тарта күчүнө кирип, жарым жыл күчүндө болот. Бирок мындай чектөө Кыргызстанга тиешелүү эмес.

 

Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатовдун айтымында, биздин өлкөдө 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизелдик отунга кепилдик бар. Бул көлөм Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалга болгон муктаждыгын жабууга жетет.