Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды

Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, жеңил жана коммерциялык унааларды, атайын техникаларды чогултууга, транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка чыгарууга багытталган.

 

Ишкана министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар жана кытай компаниясы менен биргеликте курулат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөм 115 миллион долларды түзөт. Заводдо жылына 80 миңден ашуун унаа чыгарылат.