Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлктү каттоонун инновациялык онлайн кызматы ишке кирет

Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлктү каттоонун инновациялык онлайн кызматы ишке кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, “Түндүк” платформасынын жардамы менен батир сатуу жана сатып алуу процедурасы онлайн форматта жасалат. Бул үчүн жарандардын биометрикалык идентификациясы эле талап кылынып, ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18 жашка толгон жарандар аскердик каттоонун биринчи бөлүгүнө алынып, жалпысынан 3 миңден ашык улан чакырылат.   Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Мамлекеттик… Кененирээк…

Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасын куруу пландалууда

Кызыл-Кыя шаарына эки футбол аянтчасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, аянтчалардын биринде жасалма газон, экинчисинде табигый болот. Долбоорду жергиликтүү бийлик Кыргыз футбол союзу менен биргеликте ишке ашырат.

Айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыкты

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Бүгүнтөн тарта айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги салынган айып пулду гана төлөйт.

Самбо боюнча республикалык чемпионат жыйынтыкталды

23-25-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.   Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды   Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү Чоң-Ашуу ашуусунда каттам убактылуу жабылды

Ысык-Көлдөгү Чоң-Ашуу ашуусунда каттам убактылуу жабылды. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, азыркы учурда Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болууда.   Жол тейлөө ишканасы тарабынан нөөмөт уюштурулган.

Кыргызстанда аттестат мындан ары бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет

Кыргызстанда аттестат мындан ары бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Белгиленгендей, окуучулардан бул документтер үчүн акча талап кылууга мектеп жетекчилигинин укугу жок.   Ал эми билими тууралуу документин жоготуп алган бүтүрүүчү дубликат алуу үчүн акча төлөйт.   Эгер аттестат… Кененирээк…

1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, соодагерлер жалпы салык режимин же бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандай алышат.   Ошондой эле базарлар жана кичи… Кененирээк…

Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жана аскердик тик учак кырсыгында жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакын арадагы пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.   Ал эми учак… Кененирээк…

Ордо калаада темир жолдун үстүнөн өтмөк куруу үчүн 100дөн ашык гараж алынды

Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин узартып, темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөк куруу үчүн 108 гараж алынып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, мэрия темир жолду кесип өткөн жол куруу планын буга чейин жарыялаган. Долбоор ишке ашса Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө… Кененирээк…