Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды. Эске салсак, станцияны жаңыртууга  28 миллион долларды Швейцария бөлүп берген. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражат толугу менен өздөштүрүлдү.

 

Реконструкция иштеринин жыйынтыгында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14 пайызга чейин жогорулатылган.