АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү

АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү.

 

Алар меймандарга белектин ордуна тамак үчүн акча которууну суранган. Чоңдордон 40 доллардан, ал эми балдардан 20 доллардан талап кылынды.

 

Коноктордун бири мындай өзгөчө чакыруу кагазын интернетке жайгаштырды. Бул идеяны жактыргандар дагы, сындагандар дагы болду. Бири аны пайдалуу дешсе, айрымдары тамак-ашка акчасы жок болсо, той өткөрбөй эле коюш керек деген пикирди билдирди.