Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды. Сап башында Түштүк Кореянын жарандары турат. Алардын IQ даражасы 107,54 балл деп белгиленген.

 

Экинчи орунда Кытай. Үчүнчүдө Иран турат. Маалыматта айтылгандай, бул рейтинг International IQ test порталы аркылуу өз каалоосу менен тесттен өткөн адамдардын натыйжаларына карап түзүлгөн.

 

Кыргызстан: 93,46 балл менен 89-орунда турат. Тизменин эң аягында Габон, Конго, Ангола, Никарагуа жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр орун алган.