Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралууда

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкөдө адвокатура тармагын ирээтке келтирүү ишинин алкагында 2023-жылдын декабрь айында министрликке Адвокаттар кеңеши 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу жана токтотуу тууралуу сунуш берген.

 

“Адвокаттык лицензия алып, бирок адвокаттык иш менен байланышын такыр үзүп, мүчөлүк акысын төлөбөгөндөрдүн тизмеси келген. Эми алардын лицензиясын алуу жана токтотуу иштери жүрүп жатат. Экинчиден, этика комиссиясы 9 кишиден туруп кворум маселесинен улам үч жылда жарытылуу деле арыздар каралган эмес. Мыйзам өзгөргөндөн кийин эми этика комиссиясы жети адамга азайтылды. Анын эки мүчөсү Юстиция министрлигинен, калганы адвокаттардан болот”, — деди ал.

 

2023-жылдын ноябрь айында “Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилген.

Мыйзам боюнча жогорку юридикалык билими бар Кыргызстандын жараны адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия ала алат. Айрым адвокаттар “Юстиция министрлиги оппозициялык саясатчылардын кызыкчылыгын коргогон жактоочуларды лицензиясынан ажыратууну көздөп жатат” деген кооптонууларын билдиришүүдө. Орозбек Сыдыков тынчсызданууга негиз жок экенин айтып жатат.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4700 адвокат каттоодон өткөн. Анын 3700ү иштейт. Анын ичинен 2300ү Бишкек шаары менен Чүй облусунда иштейт. Ош облусунда 350дөй, калган аймактарда 100дөн жактоочулар эмгектенет.