Эки бир мандаттуу округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт

Эки бир мандаттуу округда Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, кеп Кара-Суу жана Баткен округдары тууралуу болуп жатат.

 

Бул райондордон келген Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиев мандаттарын тапшырды. Жогорку Кеңешке партиянын тизмеси менен келген депутат мандатын тапшырса, тизмедеги кийинки талапкер анын ордун ээлейт, ал эми бир мандаттуу округдан келсе, кайра шайлоо дайындалат, — деди Бекматов. Добуш берүү күнү азырынча белгилене элек.