Денис Петрашов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду. Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдиргендей, ал Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан спорттун суудагы түрлөрү боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти.   Спортчу бул ирет брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө алтын медалга ээ болду.

Бишкектин чет жакасындагы 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылды

Бишкектин чет жакасындагы 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.   Мындан тышкары от казандар газга өткөрүлүп, газ менен жүргөн автобустар каттамга киргизилип жатканы маалым болду.   Мындай аракеттер ордо калаада ышты азайтуу максатын көздөйт.

Бишкекте эки ишкана бириктирилди

«Бишкекжашылчарба» жана «Бишкексуучарба» ишканалары бириктирилди. Мэриядан билдиришкендей, жаңы ишкана «Бишкекжашылкурулуш» деп аталып, мекеменин жетекчилигине Болотбек Одракаев дайындалды.   Мындай демилге муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Бишкектин Бугу-Эне жаңы конушу жарыктандырылды

Бишкектин Бугу-Эне жаңы конушу жарыктандырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган конушка 50 Вт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырактар жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.   Мындан тышкары, эки чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зымды өткөрүлгөн

Караколдо аз камсыз 600 үй-бүлөгө кышкы кийимдер тапшырылды

Караколдо аз камсыз 600 үй-бүлөгө кышкы кийимдер тапшырылды. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кайрымдуулук иш-чарасы Кувейт кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен ишке ашты.

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды. Аткаруу комитетинин кароосуна анын талапкерлигин Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев сунуштап, бир добуштан жактырылды.   Сыдыков 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматын аркалап… Кененирээк…