Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү дагы төмөндөдү

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү дагы төмөндөдү. Учурда башкы резервуарда 8 миллиард кубометр суу бар.

 

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда суу сактагычка секундуна 161 метр куб суу агып кирсе, кайра 809 метр куб суу агып чыгууда.

 

Адистер аталган суу сактагычта суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан аз эмес болушу керектигин белгилеп, суунун аз болушу электр энергиясынын тартыштыгына алып келерин белгилешет.