Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды
Баткендин Самаркандек айылында логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Мында жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Логистикалык борбор «Агросоода» долбоору менен бирге жеке ишкерлер тарабынан негизделди.