Иттер кайсы телеберүүлөрдү жактырары аныкталды

Америкалык окумуштуулар иттердин кайсы телеберүүлөрдү жактырарын аныкташты. Сурамжылоого ар кайсы өлкөлөрдөгү дээрлик 1,5 миң үй жаныбарынын ээси катышкан. Ага ылайык, иттер жаныбарлар тууралуу берүүлөр чыкканда телевизордун экранын кунт коюп карап калышары аныкталган.

 

Респонденттердин 76%ы үй жаныбарлары мультфильм көргөндү жакшы көрөрүн белгилешти. Алар ошондой эле спорттук мелдештер – футбол, баскетбол, бейсбол жана теннис оюндарына да кызыгышат.