Лионель Месси “Барселона” менен алгачкы келишимге кол койгон салфетка аукционго чыгарылды

Лионель Месси “Барселона” менен алгачкы келишимге кол койгон салфетка аукционго чыгарылды. Анын баштапкы баасы – 350 миң евро. Уюштуруучулар аны кыйла жогору баага сатууну пландап жатат.   Аукцион мартта өтөт.   Эске салсак, “Барселона” менен Лионель Мессинин алгачкы келишимине 2000-жылдын  14-декабрында кол коюлган. Анда футболчу… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары бүгүн жана эртең Бишкек – Ош, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек, Сары-Таш – Доорот-Коргон – Карамык жана Красная Горка – Акташ унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга май айынан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт

Кыргызстандыктарга май айынан тарта жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Документке ылайык, өзгөртүлгөн туу түшүрүлгөн улуттук паспорттор 2017-жылкы үлгүдөгү  ID-карталардын жана  2020-жылкы жалпы жарандык паспорттордун бланктары аяктагандан кийин берилип баштайт.

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар

Кытайлык компаниялар Кыргызстанда ГЭС жана күн-шамал станцияларын курууга кызыктар. Бул тууралуу Кытайдын элчиси Ду Дэвень Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушууда билдирди.   Дипломат белгилегендей, инвесторлорду тартуу боюнча иштер улантылат. Өз кезегинде министр өлкө энергетикасынын потенциалы жана инвесторлор менен иштешүүдө айрым процедуралар жөнөкөйлөштүрүлгөнүн баса белгиледи.

Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады

Бишкек мэриясы суу колдонуу нормаларын жогорулатууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурга карата муздак суу жана агынды суусу үчүн тариф күнүнө 35 литрден 170 литрге чейинки нормада эсептелет.   Ордо калаа бийлиги бардык керектөөчүлөр үчүн бирдиктүү эсепти киргизүүнү сунуштап жатат – бир адамга… Кененирээк…

Таласта жаңы мектеп ачылды

Таласта жаңы мектеп ачылды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, 275 орундуу билим уясы Көк-Токой айылында курулду.   Маалыматка ылайык, курулушка 95 млн сом жумшалды. Каражат мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн.

Бишкектин четинде лыжа фестивалы өтөт

Бишкектин четиндеги «ЗиЛ» тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү «Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү» кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.   Иш-чара 17-февралда болот. Башталышы саат 11:00дө.   Фестивалдын максаты – Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү… Кененирээк…

Оштогу «Жапалак» унаа базарынын айланасы жакшыртылат

Оштогу «Жапалак» унаа базарынын айланасына заманбап шарттары менен жашылча, мөмө-жемиштер жана унаа тетиктерин саткан жай менен логистикалык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аталган базардагы жол тыгынын азайтуу максатында кошумча үч жол ачуу каралууда. Тагыраагы, Бекмамат Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен… Кененирээк…

Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат

Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулушка 22 млн сом жумшалат. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында бөлүнгөн.   Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.

Кыргызстанда миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Таласка туура келет

Кыргызстанда миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад жана Таласка туура келет.   Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 1 млн 94 миңдейи убактылуу чет жакта жашайт. Алардын 27 пайыздан ашыгы жумушка жарамдуу жарандар.   Миграцияда жүргөндөрдүн 22 пайыздан көбү Баткенге туура келет. Талас менен Жалал-Абаддагы… Кененирээк…