Бишкекте каратэ-до боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкек шаарында каратэ-до WKF «BISHKEK OPEN 2024» боюнча шаар мэринин кубогуна арналган эл аралык турнир өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара 2-февралдан 4-февралга чейин болуп, ага 5 өлкөдөн 800 спортчу катышат.

 

Турнир Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, КР Улуттук каратэ-до федерациясы жана Бишкек шаардык Каратэ-до федерациясы тарабынан уюштурулууда.