Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Бүгүн түшкү саат 12:30дар чамасында Кыргызстандын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жер титиреди. Сейсмология институтунан билдиришкендей, силкинүүнүн күчү очогунда 5,2 баллды түздү.   Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол, Кумтөр кенинде жана Кажы-Сайда 3,5 балл сезилди.  … Кененирээк…

Бишкекте суу чарба ишканасынын атынан үйүлөрдү текшерген учурлар катталууда

Бишкекте ичүүчү суунун үлгүлөрүн алуу үчүн шаардык суу чарба ишканасынын атынан жарандардын үйүнө кирген учурлар катталууда. Ведомстводон билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери суунун сапатын текшерүү үчүн үймө-үй кыдырбайт.   Мындай көзөмөл күн сайын суу алуучу курулмаларда жана бөлүштүрүүчү тармактардын башкаруу пункттарында жүргүзүлөт.   Кандайдыр бир шек жаралган… Кененирээк…

Кош бойлуу аялдарга медициналык карточка үчүн төлөм талап кылынбайт

Кош бойлуу аялдарга медициналык карточка үчүн төлөм талап кылынбайт.   24 агенттигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бардык акушердик кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Алсак, анализдерди тапшыруу, кесарево операциясы, картаны каттоо, өз убагында учетко турбаганы үчүн кошумча төлөм — мунун баары акысыз.  … Кененирээк…

Бишкек шаары азыркыдан үч эсе кеңейет

Бишкек шаары азыркыдан үч эсе кеңейет. Президент Садыр Жапаров “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айылдардын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болду.   Анын алкагында Бишкек 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейет. Мында Чүй облусунун сегиз айыл аймагы жана төрт… Кененирээк…

Ош шаарындагы №177 көчө толук оңдоодон өтөт

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Мэриядан билдиришкендей, буга чейин «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары аталган жолду оңдоп-берүү өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан.   Долбоор боюнча аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, тротуар салынып, ирригациялык тармактар… Кененирээк…

Бишкекте жер титиреди

Бишкекте жер титиреди.   Ага чейин телефондорго 5,4 магнитудалык жер титирөө болору туурасында кабарлама келген. Маалым болгондой, жер титирөөнүн очогу Алматыда экени айтылды.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн кескин азайып кетүү коркунучу бар

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн кескин азайып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, учурда башкы резервуарда нымдуулуктун көлөмү  7,7 миллиард кубометрди түзөт. Бул начар көрсөткүч. Электр энергиясы көп колдонулгандыктан, айрыкча кечкисин автоматика системасы иштеп жатат.   Ошондуктан… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир жылуулук электр борборун куруу пландалууда

Бишкекте дагы бир жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, долбоор өткөн жылы иштелип чыккан, учурда кол коюу алдында турат.   Жаңы ЖЭБ “Айыл чарба машина куруу” заводунун аймагында курулуп, болжол менен 100 мегаватт электр жана… Кененирээк…

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80 пайызга аяктады

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80 пайызга аяктады. “Манас” аба майданынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аба-ырайынын шарттары жакшырганда учуп-конуу тилкесин куруу иштери жанданат.   Белгилеп кетсек, реконструкциялоо жыйынтыкталгандан кийин, аэропорттун учуп-конуу тилкеси  3 миң 750 метрге чейин кеңейип, заманбап чоң учактарды кабыл алууга ылайыкташат.

Эртең Бишкектин үч конушунда суу болбойт

Эртең, 5-мартта Бишкектин үч конушунда суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой — 1, Дордой — 2 конуштарындагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу «Энесай» суутоптомосунда… Кененирээк…