Индияда 113 миллион долларлык үлпөт тойго даярдык боюнча чоң майрамдык кече аяктады. Индиянын эң бай ишкеринин кичүү уулу 12-июлда үйлөнөт жана өткөн дем алыш күндөрү ал колуктусу менен Гуджарат штатынын 51 миң тургунуна кечки тамак тартуулап, “репетиция” өткөрүштү.
Коктейль кечесинде коноктор үчүн Рианна ырдады (айрым маалыматтарга караганда анын гонорары 7 миллион долларды түздү), ошондой эле миллиардерлер Марк Цукерберг менен Билл Гейтс конок болушту.