Япония Кыргызстанга 7 млн доллар грант берет

Япония ирригациялык каналдарды жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 7 млн доллар грант берет. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

 

Долбоор Суу чарба кызматынын жер казуучу жана башка техникалардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Тактап айтканда, аймактарга жалпысынан 44 техника сатып алынат.