Коомдук жайларда тамеки тарткандарга эми үч миң сом айып салынат

Коомдук жайларда тамеки тарткандарга эми үч миң сом айып салынат.

 

«Токтом» порталына жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстанда белгиленбеген жерлерде тамеки чегүүгө, аны сатууга жана жүгүртүү тартибин бузууга жоопкерчилик күчөтүлдү. Ага ылайык, тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда тамеки жана никотинди чегүүгө, анын ичинде кальянды, ошондой эле электрондук тамекини пайдаланууга толук тыюу салынат.